«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»
Бүргөндү айылдык кеңешинин
XXVIII – чакырылышынын кезектеги XVII – сессиясынын
Жаңы-Арык айылы № 8 – Т О К Т О М У 16-февраль 2023-жыл
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын жергиликтүү бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2023-жылга бюджети жана 2024-2025 – жылдарга бюджетинин долбоору жөнүндөгү берген маалыматын угуп жана талкуулап, Бүргөндү айылдык кеңешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги XVII – сессиясы.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновдун айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттинин 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга бюджетинин долбоору боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга 28890,5 сом, 2024-жылга долбоору 32180,5 сом, жана 2025-жылга 33823,8 сомго №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгашалары 2023-жылга 28890,5 сом, 2024-жылга долбоору 32180,5 сом, жана 2025-жылга 33823,8 сомго №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылдын 1-январына карата кассалык накталай акча каражат жүгүртүүсү 300,0 сом өлчөмүндө белгиленсин.
5.Жергиликтүү бюджеттин чыгашалары биринчи кезекте корголуучу берене чыгымдарына (эмгек акы, соц фондко чегерүү, тамак аш чыгымы) ошондой эле транспорттук чыгымга жана коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө каралсын. Эмгек акыга 12436,9 сом, соц фондко 1818,9 сом, транспорттук чыгымдарга 400,0 сом, интернеттик жана телефондук байланыштарга 100,0 сом.
6.Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июнундагы №78 мыйзамынын 23-беренесине ылайык 2023-жылга каралган жергиликтүү бюджеттинин 1% эсебиндеги 269,0 сомдук Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысынын резерв фондусу түзүлсүн.
7.Жалпы ата-энелер чогулушунун токтому бекитилип балдар бакчасынын ата-энелер төлөмү айына бир балага 600 (алты жүз) сомдон, ал эми жылына 2963,1 (эки миллион тогуз жүз алтымыш үч мин бир жүз) сом план каралсын. Жергиликтүү бюджеттен бала бакчанын тамак ашына айына 18 (он сегиз сом) ал эми жыл ичине 1777,8 сомго план каралсын.
8.Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү 2021-жылдын 20-октябры № 123 мыйзамынын 40-беренесинин 6-пунктуна ылайык кеңештин төрагасына компенсация өткөргөн ар бир сессиясына эмгек акы төлөп берилсин.
- Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун 01.01.2023-жылга калган калдык акчасын отургузуу боюнча айылдык кеңешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде 3190,0 сом акчаны кайра бөлүштүрүү фондунун ижара эсебинде 14152600 беренесине жыл ичине отургузуу милдеттендирилсин.
- Жыл ичинде жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин түшүүсүнө карата жана Финансы Министрлиги тарабынан берилген өзгөрүүлөрдүн негизинде жергиликтүү бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү, бюджеттин натыйжалуулугун көтөрүү, өндүрүлбөй калган салыктарды жана ижаранын түрү боюнча баардык ижара акыларды өндүрүп, кошумча киреше булактарын таап, бюджетти толтуруу жагы финансы экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмоновко жүктөлсүн.
11.Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
12.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Бүргөндү айылдык кеңешинин Финансы, бюджет экономика, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө. Калмуратовко милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык
кеңешинин төрагасы: ________________ Б. Кубатов
Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясынын №8 токтому №1 тиркеме 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга каралган бюджеттик кирешелери
№ |
Кирешелер булагы |
2023-жылга план |
2024-жылга план |
2025- жылга план |
11111100 |
КИРЕШЕ САЛЫК |
9 401,0 |
12 691,0 |
13 287,0 |
11122300 |
Салык негизинде патент |
1 280,0 |
1 280,0 |
1 280,0 |
111 |
Кирешеге жана пайдага салыктар |
10 681,0 |
13 971,0 |
14 567,0 |
11311200 |
Кыймылсыз мүлк салыгы |
150,5 |
150,5 |
150,5 |
11312200 |
Транспорт салыгы |
1 500,0 |
1 500,0 |
1 500,0 |
11321100 |
Тамарка жер салыгы |
300,0 |
300,0 |
300,0 |
11321200 |
Айыл чарба багытындагы жер салыгы |
0,0 |
0,0 |
1 047,3 |
11321300 |
Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы |
500,0 |
500,0 |
500,0 |
113 |
Мүлк салыгы |
2 450,5 |
2 450,5 |
3 497,8 |
11 |
Салыктык кирешелер |
13 131,5 |
16 421,5 |
18 064,8 |
14151200 |
Лицензиядан кармалуучу аренда акы |
245,0 |
245,0 |
245,0 |
14152100 |
Калктуу конуштан түшүчү аренда акы |
200,0 |
200,0 |
200,0 |
14152200 |
Жайыт аренда акысы |
36,0 |
36,0 |
36,0 |
14152600 |
Кайра бөлүштүрүү жер аренда акысынан |
2 100,0 |
2 100,0 |
2 100,0 |
14232400 |
Бала бакчага питания |
1 825,0 |
1 825,0 |
1 825,0 |
14239900 |
Кызмат корсотуунун башка турлору |
131,0 |
131,0 |
131,0 |
14 |
салыктык эмес кирешелер |
4 537,0 |
4 537,0 |
4 537,0 |
|
|
|
|
|
|
Жергиликтүү бюджет |
15 712,5 |
19 002,5 |
20 645,8 |
|
Спец бюджет |
1 956,0 |
1 956,0 |
1 956,0 |
|
Тендөөчү гранттар |
11 222,0 |
11 222,0 |
11 222,0 |
|
Жалпы кирешелер: |
28 890,5 |
32 180,5 |
33 823,8 |
|
|
|
|
|
ФЭБ башчысы: ______________ М.Осмонов
Бүргөндү айылдык кенешинин ХХVIII-чакырылышынын кезектеги XVII-сессиясынын №8 токтому №2 тиркеме 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга каралган бюджеттик чыгашалары
Мекемелердин аттары |
2023-жылга план |
2024-жылга план |
2025-жылга план |
Мамлекеттик тейлөө тармагы |
18447,8 |
18447,8 |
19841,1 |
Билим берүү тармагы |
5607,9 |
8607,9 |
8607,9 |
анын ичинен |
|
|
|
Балдар бакчасына |
2532 |
4032 |
4032 |
Мектептерге |
3075,9 |
4575,9 |
4575,9 |
Маданият тармагына |
1692,8 |
1692,8 |
1942,8 |
анын ичинен |
|
|
|
Китеп канага |
954 |
954 |
1204 |
Маданият үйүнө |
738,8 |
738,8 |
738,8 |
ЖКХ |
1186 |
1476 |
1476 |
Жыйнтыгы бюджеттик чыгашалар |
26934,5 |
30224,5 |
31867,8 |
Атайын каражат |
1956,0 |
1956,0 |
1956,0 |
Жалпы чыгаша |
28890,5 |
32180,5 |
33823,8 |
ФЭБ башчысы: ______________ М.Осмонов