Сузактагы райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын курулушу аягына чыгуу алдында турат (сүрөт баян)

Сузактагы райондук оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратынын курулушу аягына чыгуу алдында турат (сүрөт баян)

Курулушу 2019-жылы башталган аталган бөлүм 5 жылдан бери калкка Бек-Абад айылындагы имаратта кызмат көрсөтүп келүүдө. Бейтапканын башкы дарыгери Акжол Тургунбаев курулуштун кечеңдеши ак халатчандар эле эмес, калкка да ыңгайсыздык жаратып келгенин, эми бул көйгөй чечилүү алдында турганын айтат. Долбоор боюнча 40 орундуу имараттын курулушу ушул жылдын май айында аягына чыгып, пайдаланууга берилиши

керек болчу.

«Буга чейинки жугуштуу ооруулар бөлүмүнүн имараты авариялык абалда болгондуктан, жаңы 40 орундуу имараттын курулушу 2019-жылы башталган. Ошол кезде бөлүмдү Бек-Абаддагы филиалга жылдырып, 5 жылдан бери бейтаптар Бек-Абадга каттап жатышат.

Ал эми жаңы имараттын сметалык баасы 67 млн 919 миң 817 сом деп бааланып,

тендерден «Масыайылкурулуш» жабык акционердик коому 52 млн 029 миң 937

сомго утуп алып, ишти баштаган. Арада курулуш иштери токтотулуп, кийинчерээк

каржы толук чечилген. Долбоордо имарат ушул жылдын май айында

пайдаланууга берилиши көрсөтүлгөн. Бирок бүгүнкү күндө да курулуш иштери

аягына чыга элек. Мындай көрүнүш бейтаптар, ак халатчандар үчүн ыңгайсыздык

жаратууда. Азыркы тапта курулуш иштери дээрлик аягына чыгып калды, жаңы имарат өлкөнүн эгемендүүлүк күнүн утурлай пайдаланууга берилээри айтылып жатат», - деди башкы дарыгер.

Ал эми, биз курушту ишке ашырып жаткан «Масыайылкурулуш» жабык акционердик коомунун жетекчиси Болотбек Давлетовго байланышканыбызда ал азыркы тапта акыркы жумуштар аткарылып жатканын айтты.

«Курулуш иши дээрлик аягына чыгып калды. Азыркы тапта 10го жакын жумушчу иштеп жатат. Алдыңкы бир апталарда тазалоо жумуштары болуп, ишти кабыл алуу үчүн атайын жумушчу топту чакырабыз»,-деди ал.

Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка

караганда, «Масыайылкурулуш» жабык акционердик коомунун жетекчиси —

Давлетов Болотбек Эргешович, түзүүчүлөрү — «Масыайылкурулуш» ЖАКтын

акционерлери. Компания 2010-жылы 15-сентябрда каттоодон өткөн. Негизги

ишмердүүлүгү: курулуш.

Эске салсак, Сузак аймактык ооруканасынын аймагындагы мурдагы 25 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имараты 1963-жылы ачылган. 1999-2000-жылдар аралыгында Сузак районунда орун алган ири сел кырсыктарында бөлүмдү 2-3 жолу кыян каптап, авариялык абалга келтирген.

Райондун 300 миңден ашуун калкына медициналык жактан кызмат көрсөткөн Сузак аймактык ооруканасы жана анын филиалдары менен 9 бөлүм жалпы 346

орунга ылайыкташкан.