Жалал-Абад: айыл чарба багытындагы жерге өз билемдик менен курулуш кургандар буздурулат

Жалал-Абад: айыл чарба багытындагы жерге өз билемдик менен курулуш кургандар буздурулат

Мындай маалымат, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков админстративдик-аймактык реформанын алкагында өткөн жылы шаарга кошулган Дмитровка айылына барып, жашоочулар менен жоолуккан учурда айтылды. Анда шаар мэри аталган айылдагы тургундар айыл чарба багытындагы 5,6 гектар жер аянтына мыйзамсыз курулуштарды куруп алганын айтып, бул мыйзамга каршы келээрин эскертип, курулуштар 10 күндүн ичинде буздурулууга тийиш экенин эскертти. Эгерде белгиленген мөөнөттө талап аткарылбаса, курулуштар мэрия тарабынан буздурула тургандыгын айтты.

Аны менен катар мэр аталган айылдагы мыйзамсыз курулуштарды тактап чыгуу боюнча тиешелүү жетекчилерге жеринде тапшырмаларды берип, айылга социалдык, объектилерди куруу, айылдын инфратүзүмүн жакшыртуу зарылдыгын белгиледи.

Белгилей кетсек, Дмитровка айылындагы үлүш жерлерге курулуштарды куруу админстративдик-аймактык реформа менен аталган айыл шаарга өткөнгө чейин жүргүзүлгөн.