Манас шаарындагы Нурислам Карабеков атындагы сейил багында 7704 аскер бөлүгүнүн өздүк курамы тарабынан жаш жоокерлердин аскердик ант берүү аземи салтанаттуу түрдө өткөрүлдү.
Иш-чарага Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов, КР ИИМ ички аскерлеринин 7704 аскер бөлүгүнүн командири Ильяз Мадияров,аскер бөлүктүн өздүк курамы, жаш жоокерлер жана алардын ата-энелери катышты.
Салтанатта Манас шаарынын мэри Абдупата Маткаликов Мекенди коргоо ар бир жаран үчүн ыйык милдет экенин баса белгилеп, өлкөнүн коопсуздугу, тынчтыгы жана келечеги дал ушул жаш жоокерлердин эрдиги, жоопкерчилиги жана кайраттуулугу менен тыгыз байланышта экенин айтты.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш жоокерлер сапка тизилип, Кыргыз Республикасына ак кызмат өтөөгө, эли-жерин коргоого ант беришти.
Мындан сырткары, жаш жоокерлер бир айлык баштапкы даярдыктын жыйынтыгын көрсөтүп, саптык жүрүш, мушташуу ыкмалары жана курал-жарак менен иштөө боюнча көндүмдөрүн тартуулашты. Бул көрсөтмөлөр алардын аскердик кызматка даярдыгын жана тартиптүүлүгүн айгинелейт.