Жүрөктү элжиретип: Жалал-Абад милициясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жагымдуу маанай тартуулашты (фоторепортаж)

Жүрөктү элжиретип: Жалал-Абад милициясы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жагымдуу маанай тартуулашты (фоторепортаж)

Бүгүн,  Жалал-Абад ШИИБдин башчысы Чыңгыз Айтимбетовдун демилгеси менен мүмкүнчүлүгү чектелген 100 балага  Курман Айт майрамына карата  социалдык камкордук иш-чарасын өткөрүштү. 

Аталган иш чарага Жалал-Абад ОИИБдин башчысы Марлис Асанов,  Жалал-Абад ШИИБдин башчысы Чыңгыз Айтимбетов, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Жалал-Абад ШИИБдин өздүк курамы катышты. 

Иш-чарада  атайын демөөрчүлөр тарабынан даярдалган, мүмкүнчүлүгү чектелген 100 балага 10 000 (он миң) сомдон  ал эми алардын ата-энелерине 2000 (эки миң ) сомдон акчалай жардамдар көрсөтүлдү. Ошондой эле   коляскага муктаж болгон 10 балага атайын коляскалар белекке берилди. 

Андан сырткары  балдарга арнап сый тамактар уюштурулуп,  белгилүү маданият өкүлдөрүнүн коштоосунда концерттик программа менен коштолду. 

Иш-чаранын жүрүшүндө Жалал-Абад ОИИБдин башчысы балдарга ден-соолук каалап, алардын ата-энелерине бекем сабырдуулук тилеп,  бул балдар жалгыз эместигин эскертип, ар дайым колдоо көрсөтөрүн баса белгиледи. 

Иш-чаранын соңунда  ата-энелер  милиция кызматкерлерине жана демөөрчүлөргө ыраазычылыктарын билдиришип, иштерине ийгиликтерди каалады.