Ижара шартында берилген жердеги курулуштар буздурулуп жатат

Ижара шартында берилген жердеги курулуштар буздурулуп жатат
Сүрөт мэриянын маалымат борборунан алынды

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 14-мартындагы №56 Жарлыгына ылайык, Муниципалдык менчик башкармалыгынын адистери тарабынан Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүнүн жээгинен ижара шартында пайдаланууга берилген муниципалдык жер тилкелердеги курулуштарды бузуу боюнча 15 ижарачыга эскертүүлөр берилип, ирети менен буздурулуп жатат. Мындай маалымат Жалал-Абад шаардык мэриясынын маалымат борборунун Фейсбук баракчасына жарыяланды. Анда маалымдалгандай муниципалдык менчик башкармалыгы,Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер ээлерине, жеке менчик жер тилкелеринен сырткары жер тилкелерди уруксатсыз ээлеп алууну токтотууну жана өз билемдик менен уруксатсыз курулуштарды курбоону, эгерде уруксатсыз ээлеп алган жана куруп алган курулуштары бар жеке жана юридикалык жактар болгон болсо, муниципалдык жер тилкелерди өз эсебиңиздерден бошотуп коюну эскертет!

Мындан ары Муниципалдык менчик башкармалыгы тарабынан муниципалдык жер тилкелерди уруксатсыз ээлеп алуу, уруксатсыз курулуштарды куруу жана ижара шартында берилген жер тилкелердин максаттуу пайдалануусун көзөмөлдөө боюнча тынымсыз рейддер жүргүзүлөт – деп жазылган маалыматта.