Аксыда  Ооган согушунун баатырларына  арналып эстелик тургузулду  

Аксыда  Ооган согушунун баатырларына  арналып эстелик тургузулду  

Советтик аскерлердин Ооган жеринен чыгарылгандыгынын 35 жылдыгына карата Аксы районунун Үч-Коргон айылында салтанаттуу иш чара болуп өттү. Анда Ооган согушуна катышкан Аксылык жоокерлердин урматына арналып эстелик курулуп анын ачылышы болду.

         Ооганстанда Советтик аскерлердин катарында аталган аймакты ички тышкы душмандардан коргоп,  атуулдук  милдетин өтөөгө   жети миңден ашык Кыргызстандык жоокерлер барган. Он жылга созулган согушта Кыргызстандан баргандардын  ичинен 248 жоокер курман болгон. Ал эми Аксы районунан 84 жоокер катышкан болсо алардын 22си Үч-Коргон айылынан барышкан. Алардын арасында райондун 19 жаштагы  Ренат Газиев аттуу жоокер от майданда курман болгон. Ошондой эле аталган айылдык 21 жоокер мекенине кайтып келген. Үч-Коргонго курулган эстелик Ооган согушунун ардагерлери тарабынан демилгеленип, жергиликтүү бийлик ишке ашырып олтурат. Демилгени  Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Маматысак Жапаров, айылдык кеңешинин депутаттары да жактырып жергиликтүү бюджеттен 700 миң сом карап беришип, мынтип Ооган Баатырларына Облустагы экинчи болуп эстелик тургузулду. Салтанаттуу ачылышка Аксы районунун жетекчилери, Эмгектин,Ооган согушунун ардагерлери, Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы менен тургундары катышты. Ачылышта район акими Замирбек Сыдыков, айыл аймак башчы Маматысак Жапаровдор баш болуп сөз сүйлөшүп,ардагерлерди куттукташты.

Эстелик алдына гүл чамбарлар коюлду. Иш чаранын алкагында райондогу Н. И. Мешков, Токтогул атындагы жана Салибай Шатманов атындагы орто мектептердин таланттуу окуучулары чоң программадагы концертин тартуулашты. Акырында Ооган согушунда курман болгон жалпы эле Советтик жоокерлердин арбагына багышталып куран окулду.

 Эскерте кетсек дээрлик он жылга созулган согушка 620 миң советтик аскер кызматкери катышкан. Алардын 14 миңден ашууну согушта курман болгон. 

Абдымомун Калбаев,  Аксы району.