Аксыда «Арашан» койлорунун жарманкеси өттү

Райондун Кербен шаарында уюштурулган бул көргөзмөгө фермерлер район аймагынан, Жалал-Абад шаары жана Сузак, Токтогул райондорунан, Талас, Чүй облустарынан келип катышкан. Жүздөн ашык кой, кочкорлор катышкан бул жерде катышуучуларды 200 кг салмактагы кочкор кызыктырды. Райондун айыл чарба депортаментинин башчысы Таалайбек Саматов жарандарга сандан сапатка өтүү зарыл экенин айтат.
«Акыркы мезгилде эл арасында кой-малдын саны кескин өсүп, жайыттарыбызга батпай, малдын көптүгүнөн жайлоолор эрозияга учурап жатат. Мындан улам аларды асыл тукум мал багууга шыктандыруу үчүн, мындай пародадагы малдардын чыгашасы аз, бирок кирешеси көп болот. Бүгүнкү жарманкеде жарандар «Арашан» пародасындагы койлордун козуларын сатып алып жатышты. Анын баасы жашына, салмагына жараша 70 миң сомдон 150 миң сомго чейин сатылды»,-деди ал.
Аксы районунда 5 мамлекеттик асыл тукум чарбалары каттоодон өтүп ишмердигин жүргүзүп келет. Алардын ичинен бодо мал боюнча бир, кой боюнча бир, бал өндүрүү боюнча бир. Калган экөө жылкы өстүрүшөт. Мындан сырткары райондо 16 фермердик чарбалар ишмердигин жүргүзүп келет.