Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолугушту. Иш-чарага облустук мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Жолугушууда район тургундары таза суу менен камсыз кылуу, ирригация системасын жакшыртуу, ички жайыттарды пайдалануу, авиабилеттердин баасын жөнгө салуу, Тогуз-Торо айылындагы Нарын дарыясынын жээгин
бекемдөө, дарыгерлердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу, социалдык объектилерди куруу жана жеке укуктук маселелер боюнча кайрылышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл Тилек Текебаев жарандар көтөргөн маселелерди чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте иштер жүргүзүлөрүн, бул багыттагы жумуштардын жыйынтыгы көзөмөлдө болоорун белгиледи.