Психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан балдардын балаты майрамы өттү

Психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан балдардын балаты майрамы өттү

Бүгүн Жалал-Абад шаарында жайгашкан балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде тарбияланып жаткан балдардын жаңы жылдык балаты майрамы болуп өттү. Аларды жеринде куттуктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев барды.

Ыйгарым укуктуу өкүл резервдик фондунан бөлүнгөн каражатка алынган белек-бечкектерин тапшырып, коомдун камкордукка муктаж балдарын ар тараптан колдоо–мамлекеттин социалдык саясатындагы артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

Ошондой эле аталган жайда тарбияланып жаткан балдарга керектүү шарттарды жаратуу аракети дагы да улантылаарын айтты. Ага катар мекеме тарбиячыларына ыраазычылык билдирип, балдарга бекем ден соолук каалады.

Аны менен катар аталган мекемеге Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков менен шаардык кеңештин төрагасы Орозбек Турдубаевдер да барып балдарды жаңы жылдык майрамдары менен куттукташты.

Учурда, Жалал-Абаддагы балдардын психоневрологиялык социалдык-стационардык мекемесинде жүздөн ашуун бала тарбияланат.