Күндүн температурасы жогору болгон учурда жүк ташуучу унаа башкарган айдоочуларга 55 миң сом айып пул салынды

Күндүн температурасы жогору болгон учурда жүк ташуучу унаа башкарган айдоочуларга 55 миң сом айып пул салынды

Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун тапшырмасы менен абанын температурасы +28 градустан жогору болгон учурда шаардын аймагында жүк ташыган унааларга чара көрүлүүдө. Анын алкагында Транспорт департаменти тарабынан 55 миң сом айып пул салынды. 

 Эскерте кетсек, жогорудагы талапты сактабаган жеке жактарга 17500 сом, юридикалык жактарга 55000 сомдон айып пул салынат.

Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоковдун буйругу менен 19-майдан 1-сентябрга чейин шаар аймагында, салмагы 18 тоннадан ашкан оор 
жана чоң габариттүү унаалардын жүрүүсүнө
абанын температурасы +28 градустан жогору болгон мезгилдерде, саат 10:00 
дөн, кечки саат 20:00 гө чейин чектөө киргизилген.

Убактылуу чектөө механизми оор жүк ташыган төмөнкү унаалар  үчүн колдонулбайт:
-гуманитардык жардам жана тез бузулуучу тамак-аш азыктарын 
ташыгандарга;
- Жалал-Абад шаарынын мэриясы тарабынан автомобиль жолдорун куруу, 
оңдоо боюнча иштерди аткаруу үчүн тартылган техникалар.