Токтогулда экоактивисттер коруктан ак илбирсти кезиктиришти

Мындай маалымат менен "Жашыл өрөөн" коомдук бирикмесинин жетекчиси Акыл Гүлжигит уулу бөлүштү. Анын айтымында, ак илбирстер адамдар жашаган аймакка жакын келиши сейрек көрүнүш.
«Биз дайыма корукту байырлаган жапайы жаныбарларга жем чачып, алардын изине санак жүргүзүп келебиз. Бул ирээт да рейдде жүрсөк капчыгайда эки жаш ак илбирсти корүп, фото жана видеого тартууга жетиштик. Алар бизден 2,5 чакырымдай алыс аралыкта жүрүшкөн. Акыркы жылдары ак илбирстер тоо баштарында байларлап, адамга жакын келчү эмес, бул сейрек көрүнүш. Себеби, акыркы жолу 2022-жылы ак илбирстер фотокапканга түшүп калган болчу»,-дейт экоактивист А. Гүлжигит уулу.
Ак илбирс — абдан сейрек кездешкен жапайы жаныбар. Аны дүйнөдө «кар барысы» же «снежный барс» деп да аташат. Анын илимий аталышы — Panthera uncia. Негизинен ал Борбор Азиянын тоолору — Теңир-Тоо (Тянь-Шань), Памир-Алай, Гималай, Алтай, Гиндукуш тоолорун байырлайт. Кыргызстандын кызыл китебине киргизилген. Дүйнөлүк «IUCN» уюму бул жаныбарды "жоголуп кетүү коркунучунда" деп атап, кызыл тизмеге киргизген.
Чычкан капчыгайынын жалпы аянты тууралуу так маалымат жок. Бирок, капчыгайдын узундугу болжол менен 30 чакырымды түзөт , ал эми Чычкан мамлекеттик заказниги 36,000 гектар аянтты камтыйт . Капчыгайында тоо кийиктери, элик, доңуз, аюу, карышкыр, түлкү сыяктуу жапайын жан жаныбарлар байырлашат.