Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 6 даана автоунаа тапшырылды

Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад электр тармактар ишканасына 6 даана автоунаа тапшырылды
Кыргыз Республикасынын энергетика министри Таалайбек Ибраев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар иш-чараларга катышты.
Аны менен катар министр Жалал-Абад электр тармактар ишканасына
5 даана “Chevrolet Cobalt” жана бир даана “Chevrolet Captiva” автоунаа тапшырды. Автоунаалар “КУЭТ”ААКнын өздүк каражатынын эсебинен сатып алынды.
Аталган автоунаалар Министрлик тарабынан жүргүзүлгөн реформанын алкагында ишке ашырылууда. Ар бир түзүлүп жаткан шарттар энергетиктердин жумушун жеңилдетип, техникалардын берилиши жумуштун сапатын жакшыртууга, калкты электр энергиясы менен камсыздоодо ишенимдүүлүктү арттырууга өбөлгө түзөт.
Министр автоунаалардын ачкычын тапшырып жатып, техникаларды сарамжалдуу пайдалануу керектигин баса белгилеп, өндүрүш болгондон кийин бул жердеги коопсуздук, өндүрүштүк эрежелерди сактоо менен гана кызматкерлер ийгиликке жете алаарын кошумчалады.
Тапшырылган автоунаалар региондорго бөлүштүрүлүп берилди.
Чаткал РЭТ - Chevrolet Cobalt ;
Майлуу-Суу РЭТ - Chevrolet Cobalt;
Кара-Көл РЭТ - Chevrolet Cobalt;
Токтогул РЭТ - Chevrolet Cobalt;
Аксы РЭТ - Chevrolet Cobalt;
Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын базасында 278 техника болсо, 3 жыл аралыгында акыркы тапшырылган 6 даана автоунааны кошкондо 62 даана жаңы авто унаа менен толукталды.
Авто унаалардын берилиши, жумуш ыргагын тездетип, кызматкерлерге кошумча шарт жаратат.
Мындан тышкары Кыргыз Республикасынын Энергетика тармагын өнүктүрүүгө кошкон салымы жана ишиндеги жетишкен жогорку көрсөткүчтөрү үчүн Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын Жогорку чыңалуудагы тармактар кызматынын башчысы Замирбек Боркошев Ардак грамота менен жана Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 220/110/10кВ "Төрөбаев" көмөк чордонунун башчысы Замирбек Ажиматов - КРнын Энергетика министрлигинин Алкыш каты менен сыйланды.