ЖЕР АЙДАБАЙ, ЭГИН СЕБҮҮ

  ЖЕР АЙДАБАЙ, ЭГИН СЕБҮҮ

“ Жер айдабай, түшүм алууга болобу?”- Мындай пикирлер Аксы районунда айтылып, жер айдабай эгин сээп жаткандарды көрүп, ишенип-ишенбегендер да арбын болууда. Бул ыкманы  Аксы районундагы дыйкан-фермерлерге  Жалал-Абад Регионалдык айылдык кеңеш  кызматы коомдук фондусунун адистери сунуш кылышып, учурда ачык себүү ыкмасы менен элге эгин сээп берип жатышат. ООНдун Бүткүл дүйнөлүк программасынын алкагында Япон мамлекетинин каржылык колдоосу менен ачык себүү ыкмасы облустун аймагында кеңири кулач жайып бара жатат.

Адистер айткандай, облустун бөлөк районунда мындай ыкма алда качан өзүн-өзү актап, эгин талааларын айдабай эле эгин сээп, түшүм алууга көнүп калышты. Аксы районуна быйылкы жылда айдалып себилип жаткандыктан, ишенгенден ишенбегени арбын болуп жаткан учур.   Кош-Дөбө айыл аймагына караштуу “Назар-Ата” фермердик дыйкан чарбасынын башчысы Эдилбек Раманкулов бул ыкма менен дыйкан чарбанын жерине, ал түгүл элдин үлүш жерин арендага алып, быйылкы жылда 80 гектар аянтка "Стекловидная-24" сортундагы 1-репродукциядагы сыноодон өткөн түшүмдүү буудайдын  үрөнүн Чүй облусундагы үрөөнчүлүк  "Золотой колос" кооперативинен  алып келип себишүүдө. Бир эле учурда 1 гектар аянтка 220 килограммдан үрөн, азык зат үчүн 100 килограммдан аммофост азот-фосфордук азык кошо сээп жатышат. Бул үрөндүн тез өнүп чыгышына жана жердин кыртышынын  катып кетпей, жумшак турушуна шарт түзмөкчү.

Үстүбүздөгү жылда райондо 189 гектар аянтка үрөн себүү пландаштырылган болсо, учурда 154 гектар аянтка үрөн себилип, учурда иш кызуу жүрүп жатат. Фонддун агроному Уларбек Ботокараев менен долбоордун координатору Мырзамидин Мамадиевдин билдиргенине караганда бул дыйкандар үчүн чоң жардам жана ишенимдүү түшүм алуунун булагы.

Учурда эгин сээп жаткан “Назар- Ата” фермердик дыйкан чарбасы бутуна туруп калган чарбалардын бири. Чарбада 210 баш асыл тукум кой, 15 баш тубар жылкы, 15 баш саан уй бар. Чарбада төрт үй-бүлө иш менен камсыз болуп, иштеп жатышат. Чарбанын өзүнүн тоют базасы, короо-сарайлары бар. 80 гектар жери бар. Келерки жылдан баштап сапаттуу үрөн даярдоону да пландаштырып жатат. Учурда 40 гектар аянтка күздүк эгинди ачык себүү ыкмасы менен сээп койду. Үрөн себүү улантылып жатат.

Райондо келерки жылдын түшүмү үчүн 929 гектар эгин себүү пландалган болсо, учурда 764 гектар аянтка эгилип бүттү. Бул өткөн жылга салыштырмалуу кыйла арбын эгин себилгенин  көрсөтүп турат. Ачык эгин себүүнүн натыйжасында бул ишке чыгаша кескин кыскарып, дыйкан фермерлердин чөнтөгүнө пайда болуп жатат. Жер айдабай үрөн себүү менен арбын түшүм алууга дагы деле толук ишенбей жаткандар көп.

Аксы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Таалайбек Саматовдун билдиргенине караганда  алдын ала окутууларды, семинарларды  өткөрүп, ачык эгин себүүнүн артыкчылыктарын көрсөтүп беришкен. Демек, жер айдабай түшүм алса боло тургандыгына облусутун Базар-Коргон, Сузак райондорунун дыйкан- фермерлери өздөштүрүп, мындай ыкмага өткөнүнө кыйла болуп калды. Эми тоолуктар дагы бул ыкмага өтүп жатышат. Ачык себүү ыкмасы күйүүчү майга, айдап себүүгө караганда убакытка, чөнтөккө кыйла жардам болоруна ынанып калышкан. 

Абдымомун Калбаев,"Акыйкат".