Аксыдагы сел: айылдагы 1 турак үй жарактан чыгып, дыйкандар чыгымга учурады

Аксынын Үч-Коргон айыл аймагынын Дейрес айылында 1-июнь күнү каттуу жааган жаандан улам сел жүрүп, айыл элин чыгымга учураткан. Ушул тапта атайын түзүлгөн жумушчу топ келтирилген чыгымды эсептеп жатышат. Үч-Коргон айыл аймагынын башчысы Маматысак Жапаров ушул мезгилде селдин кесепеттери жоюлуп жатканын жана чыгымдарды айтып берди.
«3 күн мурда айылда орун алган табийгат кырсыгынан айылга барчу негизги жол жана айыл ичиндеги 3 көчөнү кыян каптап, кокту-колоттон түшкөн суулар 3 турак жайды каптаган. Шилендилер 1 үйдүн ичине чейин кирип, жашоого жараксыз абалга алып келди. Дагы бир үйдүн короо жайын, тер төлөсүн каптады. Ушул тапта анын кесепеттерин жоюу аракеттери көрүлүүдө. Бактыга жарата селден эч ким жапа чеккен жок. Үйүн суу каптаган жаран турак жайын камсыздандырган экен,учурда ал убактынчалуу коопсуз жерде жашап жатат.
Аны менен бирге сел суулары 30дай жергиликтүү жашоочунун эгин талаасын каптап, айылдагы насостук станцияга да кирген. Бирок насос иштеп жатат.
3 күндөн бери айыл аймактын муниципиалдык техникалары жана кызматкерлер айылда куткаруучулар менен бирге иштеп жатышат. Ал үчүн бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилди»,-дейт айыл өкмөт башчы М. Жапаров.
Кошумчалай кетсек, коңшу Өзбекстан республикасына чектеш болгон Дейрес айылында 1150 калк жашайт.