Ырааттуу кызматташуу аракеттери

Ырааттуу кызматташуу аракеттери

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев Улуу Британиянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулер менен жолугушту. Бул тууралуу облус башчынын маалымат катчысы Нурайым Турдумаматова кабарлады.

Ал билдиргендей тараптар Улуу Британия менен Жалал-Абад облусунун ортосундагы социалдык-экономикалык, билим берүү багытындагы өз ара байланыштарды жолго коюу, ырааттуу кызматташуу аракеттерин талкуулашты.

Ошондой эле облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактын инвестициялык потенциалы жөнүндө айтып, соода-экономикалык, айыл чарбасы, билим берүү, тоо-кен, энергетика тармактарында туруктуу кызматташтыкка ар дайым даяр экенин билдирди.

Николас Баулер Улуу Британия элчилигинин Кыргызстандагы иш алып баруу пландары тууралуу бөлүшүп, эки мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошкон натыйжалуу долбоорлорду колдоого алаарын кошумчалады. Элчи ошондой эле облустун билим берүү тармагын өнүгүүсүнө салым кошуу максатында, 150 даана мектеп окуучуларына арналган англис тилиндеги китептерди белекке тапшырды.