Көңүл буруңуздар! Мигранттардын эсине!
Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россияда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүк жарандарга, анын ичинде Кыргыз Республикасынын жарандарына өздөрүнүн жүрүүсүн мыйзамдаштырууга мүмкүнчүлүк берилгенин маалымдайт.
2025-жылдын 1-январынан 2025-жылдын 30-апрелине чейин мыйзамдарды бузуу менен Россия Федерациясынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандар Россиянын аймагынан чыгып кетүүгө же өздөрүнүн укуктук абалын төмөнкүдөй жол менен жөнгө салууга милдеттүү:
Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын бардык жарандары өздөрүн мыйзамсыз жүргөн жана контролдонуучу адамдардын реестрине киргизилүүгө тийиштүү болгон жарандардын тизмесинен httpshttps://migrant.kg сайтынан «Кара тизмелер» бөлүмүндө «Алдын ала тизме» бөлүмчөсүндө текшерүүсү керек.
Эгерде Сиз фамилияңызды ушул тизмеден тапсаңыз, анда төмөнкүлөрдү жасашыңыз керек:
- Чет өлкөлүк жарандарды биометрикалык идентификациялоодон өтүү,эгерде мурда өтпөсө (сүрөт заставкасы-дактилоскопиядан өтүү, манжалардын издери ж. б.у.с.);
- Медициналык текшерүүдөн өтүү,эгерде мурда өтпөсө же сертификаттын жарактуулук мөөнөтү өтүп кетсе (12 ай). Бул мезгилде медициналык текшерүүдөн миграциялык карта жок болсо дагы өтүүгө болот;
- Милдеттүү төлөмдөр боюнча болгон карыздарды төлөө.Карыздарыңызды Россиянын Федералдык сот приставдарынын расмий сайтынан текшере аласыз https://fssp.gov.ru/iss/ip.
Россия Федерациясында эмгек ишмердигин жүзөгө ашырууга укугу бар чет өлкөлүк жарандар Россиянын ИИМинин аймактык органына же Россиянын Ичкииштер министрлигинин карамагында турган федералдык мамлекеттик унитардык ишкана (ФГУП «ПВС» МВД России) же Москва шаарынын аймагында Сахароводогу көп функционалдуу миграция борбору (ММЦ Сахарово) аркылуу Россия Федерациясында убактылуу болу мөөнөтүн узартуу жөнүндө арыз беришет жана иш берүүчү же жумушка (кызматка) кардар (заказчик) тарабынан күбөлөндүрүлгөн эмгек келишиминин же чет өлкөлүк жаран менен түзүлгөн жумуштарды (кызмат көрсөтүүлөрдү) аткаруу боюнча жарандык-укуктук келишимдин көчүрмөсүн беришет.
Россияда эмгек ишмердигин мыйзамсыз жүргүзгөн, миграциялык каттоо эрежелерин бузу менен жана 2025-жылдын 5-февралына чейин жүрүү мөөнөтүн ашыруу менен жүргөн чет өлкөлүк жарандар, эгерде алар өзүнүн укуктук статусун мыйзамдаштыруу үчүн 2025-жылдын 1-январынан 30-апрелине чеинйки аралыгында тиешелүү арыз менен Россиянын ыйгарым укуктуу органдарына кайрылса, аларга карата административдик штраф белгиленет, бирок "кара тизмеге" киргизүү жана Россиянын аймагынан административдик түрдө чыгаруу жөнүндө чечимдери кабыл алынбайт.
Баардык суроолор боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнө төмөнкү дарек боюнча кайрылуу керек: Москва ш., Малая Полянка көч., 7-үй, корп.5, +7 (996) 968-98-97 (күнү-түнү иштейт); +7 (925) 030-26-27 иш күндөрү саат 9.00 -18.00 чейин, Москва убактысы боюнча.
Маалымат “Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү” менен Жалал-Абад облустук “Акыйкат” гезитинин редакциясынын макулдашуусу менен чыгарылды.
"Акыйкат"