ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЫЗМАТКА КИРИШТИ

Президенттин жарлыгына ылайык Максатбек Саргазаков Аксы районунун мамлекетттик администрациясынын башчысы-акими болуп дайындалган. Кечээ Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында райондун активине тааныштырылды. Бул туурасында облустук “Акыйкат” редакциясынын аталган райондогу кабарчысы Абдымомун Калбаев кабарлады. Анын айтымында жаңы акимди Президенттин Жалал-Абад облусунундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов тааныштырып, тиешелүү талаптарды коюу менен катар ийгиликтерди каалады.
Ошондой эле Аксы районунун акиминин биринчи орун басары Бердалы Жумабеков, райондук ардагерлер кеңешинин мүчөсү Раим Урмашов, акын-жазуучу, облустук “Акыйкат” газетасынын Аксыдагы кабарчысы Абдымомун Калбаев, райондук аялдар кеңешинин төраймы Изат Калыковалар баштаган акскалдар акимге ак бата беришип, райондун ар тараптуу өсүп-өнүгүшү үчүн жигердүү салым кошушуна тилектеш болушту.
Абдымомун Калбаев, “Акыйкат”