ЖООКЕРЛЕРДИН МААНАЙЫН КӨТӨРҮШТҮ
Ала-Бука районунда 23-февраль- Ата Мекенди коргоо күнүнө карата жыл сайын салтка айланган "Апамдын наны"акциясы 2030 чек ара бөлүгүнүн 1-май заставасында өттү. Иш чараны Айры-Там, Ынтымак айыл аймагындагы аялдар Кеңеши биргеликте уюштурушкан. Бир азга болсо да жоокерлер апалары жапкан нандан, ар түрдүү даамдардан, улуттук тамактардан ооз тийишип, үйлөрүнө баргандай болушту. Аларга айыл өкмөттүн өнөрпоздору концерттик программа да тартуулашты. Ата Мекенди коргоочуларды Айры-Там айыл аймагынын башчысы Мирлан Камчыбеков куттуктап, чек ара тозотуна ар дайым жардам берип турарын айтты.
Камчыбек Камбарбеков, Ала-Бука