Базар-Коргондо «жаңгак» фестивалы өттү
Маалым болгондой, калаанын Үсөн Сыдыков атындагы эс алуу багында өткөрүлгөн иш чара «Жаңгак токою-жаштарга жашыл мурас» аттуу ураандын алкагында уюштурулган. Саамалык алкагында жаңгактан жана башка токой продуктыларынан жасалган даамдар, жыгачтан жана жаңгактын кыбыгынан жасалган кол өнөрчүлөрдүн эмгектери жарманкеге коюлду.
Фестивалга президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Базар-Коргон районунун акими Мирлан Карагулов, токойчулар жана жергиликтүү жашоочулар катышты.
«Республика боюнча токой аянтына же токойго жакын жерде жалпы 1 миллион 200 миң калк жашайт. Акыркы учурда адам факторунун астында токойлор жабыркап калган учурлар болууда. Кыргыз жаңгагынын аянтын сактоо, токой аймактарына жаңы көчөттөрдү тигүү иштерин жандантуу учурдун талабы.
Ошол эле учурда, туристтик мүмкүнчүлүктөрдү арттыруу, облуста өстүрүлгөн жаңгак жана башка табихый азыктарды даңзалоо, кайра иштетүү менен калктын социалдык-экономикалык абалын жакшыртуубуз зарыл»,-дейт облус жетекчиси Т. Текебаев.
Кошумчалай кетсек, Жалал-Абад облусунун аймагында 38 миң гектардан ашуун Кыргызстандагы эң чоң табигый түрдө өскөн жаңгак токтойлору орун алган. Алардын арасынан эң чоң аянт Базар-Коргон районунда жайгашкан.
"Акыйкат"