Токтогул районундагы кышка  даярдык

Токтогул районундагы кышка  даярдык

Үстүбүздөгү жылдын 28-майындагы Кыргыз Республикасынын Минитсрлер Кабинетинин “Кыргыз Республикасынын экономика тармактарын жана калкын 2024-2025-жылдын күз-кыш мезгилине даярдоо жөнүндөгү токтомун жетекчиликке алып, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, социалдык мекемелерине тапшырмаларды берген.

Атап айтканда, быйыл Токтогул райондук билим берүү тармагына 4946,7 сом каражат бекитилген. Ал үчүн 821,4 тонна көмүргө тапшырык берилген. Ар бир тонна таш көмүрдүн орточо наркы 6900 сомду түзөт. Бүгүнкү күндө белгиленген таш көмүр толугу менен алып келинди. Мындан тышкары Нургазиев, Иманбаев атындагы орто мектептерде жаңыдан капиталдык оңдоо жүргүзүлүп, көмүр менен жылытылат.

Кышка карата райондук электр тармактар ишканасынын абалы да жаман эмес. Өздөрүнө тиешелүү подстанциялар, трансформаторлор толук кароодон өткөрүлүп, жараксыздары алмашылган. Айыл аймактардагы элдүү пункттарда калкка көмүр сатылуучу жайлар уюштурулуп, көмүр түшүрүүчү жерлер аныкталып, таш көмүр ташылып келе баштады.

Кышка карата көрүлгөн даярдыктардын айрым кемчиликтери четтетилип, иштиктүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бул иш-чара кышка даярдык көрүү боюнча түзүлгөн штабдын мүчөлөрүнүн көңүл борборунда.

Исабек Токтогулов, Токтогул району