БШК төрагасы блогерлер, коомчулугунун активдүү өкүлдөрү менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаров бүгүн, 15-октябрда, өлкөнүн блогерлер коомчулугунун активдүү өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуу ачык диалог форматында өттү.
КР БШК төрагасы Тынчтык Шайназаров алдыдагы мөөнөтүнөн мурда өтө турган парламенттик шайлоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берди. Ал шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында шайлоо мыйзамдарына ылайык алгач ирет аралыктан (дистанциялык) добуш берүү ыкмасы колдонуларын белгиледи.
Ошондой эле "бир шайлоочу – бир талапкер – бир добуш" принцибинин маанилүүлүгүнө токтолду. Чет өлкөлөрдөгү шайлоо участкаларын уюштуруу жана шайлоочуларды жаңы шайлоо жабдууларынын иши менен тааныштыруу максатында өткөрүлүп жаткан тесттик добуш берүү маселелери тууралуу да айтып берди.
Шайлоо процессин маалыматтык жактан колдоо тууралуу маселеге өзүнчө көңүл бурулду.
Ушуга байланыштуу Тынчтык Шайназаров блогерлердин кеңири аудиториясы бар экендигин баса белгилеп, алардын калк арасында так жана ишенимдүү маалыматты жайылтууда мүмкүнчүлүктөрү маанилүү ролго ээ экенин айтты. Ал медиа коомчулук менен ачык кызматташууга даяр экендигин билдирди.
Жолугушууда блогерлер шайлоо алдындагы үгүт иштерине байланышкан эрежелер, мөөнөтүнөн мурда үгүт жүргүзүүгө коюлган чектөөлөр, шайлоо бюллетендеринин өзгөчөлүктөрү жана чүчүкулак өткөрүү тартиби боюнча бир катар актуалдуу суроолорду беришти.
Бул суроолорго жооп катары мыйзамдын нормалары жана үгүт жүргүзүү учурунда талапкерлер менен кызматташуу тартиби боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди.
Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2025-жылдын 10-ноябрында расмий түрдө башталаары эске салынып, ага чейин шайлоо мыйзамдарына ылайык талапкерлерге мөөнөтүнөн мурда үгүттөөгө тыюу салынаары айтылды.
Жолугушуунун аягында катышуучулар шайлоо жабдууларынын иштөөсү менен таанышып, тесттик режимде добуш берип көрүштү.
Жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров жолугушууга катышкан блогерлерге кайдыгер калбай, жигердүү жарандык позицияда болгондору үчүн ыраазычылык билдирип, БШК шайлоочуларды маалымдоо жана алдыдагы парламенттик шайлоонун жаңылыктарын түшүндүрүү боюнча конструктивдүү кызматташууга ишеним артарын белгиледи.
Жолугушууга өлкөнүн блогерлер коомчулугунан болжол менен 20дай өкүл катышты.