БШК талапкерлерге кайрылды

БШК талапкерлерге кайрылды

Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоочуларга, талапкерлерге, саясий партияларга жана алардын өкүлдөрүнө кайрылуусу

Урматтуу шайлоочулар, талапкерлер, саясий партиялар жана шайлоо өнөктүгүнүн катышуучулары!

Учурда социалдык тармактарда 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болуу ниети жөнүндө арыз берген жарандардын билдирүүлөрү байкалууда.

Жарыяларда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (мындан ары – Борбордук шайлоо комиссиясы) тарабынан расмий түрдө аныкталбаган жана учурда кайрымдуулук кылуучуларды аныктабаган мобилдик тиркемелер аркылуу талапкерлердин шайлоо фондуна каражат чогултуу жөнүндө кулактандыруулар камтылган. Бул ыкмалар шайлоо мыйзамдарын жана талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды киргизүү тартибин бузууда.

Мындан тышкары, кайрымдуулук кылуучулардын, талапкерлердин шайлоо өнөктүктөрүн каржылоого катышуусуна чектөө коюлганы тууралуу туура эмес маалымат таратылууда.

Ушуга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочуларга, талапкерлерге жана саясий партияларга, алардын өкүлдөрүнө кайрылып, буга чейинки шайлоолордо шайлоо фонддорун түзүүдө колдонулган салттуу ыкмалар менен ыктыярдуу кайрымдуулуктарды которууга эч кандай тоскоолдуктар жок экендигин маалымдайт. Мында мыйзамдуу түрдө уруксат берилген ыктыярдуу кайрымдуулуктарды киргизүүгө чектөөлөр болгон эмес, атап айтканда, “Элдик Банк” жана “Айыл Банк” ачык акционердик коомдору ыйгарым укуктуу банк мекемелеринин банктык эсептешүү эсептери жана мобилдик тиркемелери аркылуу накталай эмес төлөм, Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын банктык эсептешүү эсептери, ошондой эле ыйгарым укуктуу банк мекемелеринин эсептешүү-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай акча каражаттарын киргизүү.

“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын (мындан ары – конституциялык Мыйзам) ченемдерин жетекчиликке алып, Борбордук шайлоо комиссиясы алдыдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуучу талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорун түзүү тартиби жөнүндө шайлоо процессинин бардык катышуучуларына эскертет:

“Талапкер, саясий партия өзүнүн шайлоо фондунун бир гана атайын эсебин ачууга укуктуу” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин

5-бөлүгүнүн 2-абзацы).

Талапкердин, саясий партиянын шайлоо фонду мыйзамдардын талаптарын эске алуу менен төмөнкү каражаттардын, атап айтканда, төмөнкүлөрдүн эсебинен түзүлүшү мүмкүн:

– талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарынан;

–  конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 3-бөлүгүндө көрсөтүлгөн жактарды кошпогондо, жарандардын жана юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулуктарынан.

“Жарандар жана юридикалык жактар талапкерди шайлоого көмөктөшүүчү иш-аракеттерге шайлоо фонддору аркылуу гана каржылык (материалдык) колдоо көрсөтүүгө укуктуу” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 10-бөлүгү).

“Шайлоо фондун түзүүчү бардык акча каражаттары банктык мекемедеги атайын эсепке которулат. Ушул эсеп Борбордук шайлоо комиссиясынын уруксаты менен талапкер, саясий партия тарабынан ачылат” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 5-бөлүгүнүн

1-абзацы).

“Банктык же мобилдик тиркемелердин тизмеги көрсөтүлгөн эсептерди ачуунун, жүргүзүүнүн, шайлоо фонддорунун каражаттары боюнча эсепке алуунун жана отчеттуулуктун тартиби банктык же башка мекемелер менен макулдашуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан белгиленет” (конституциялык Мыйзамдын

41-беренесинин 6-бөлүгү).

Борбордук шайлоо комиссиясы 2025-жылдын 3-октябрындагы № 92 токтомуна ылайык, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерин ачуу үчүн «Элдик Банк» жана «Айыл Банк» ачык акционердик коомдорун аныктады.

Мындан тышкары, талапкерлердин, саясий партиялардын шайлоо фонддоруна ыктыярдуу кайрымдуулуктарды жүргүзүү үчүн аталган банктардын мобилдик тиркемелерин мыйзамдуу түрдө колдонууга уруксат берилген. (Кыргыз Республикасынын коммерциялык банк мекемелеринин мобилдик тиркемелеринин тизмеси жакынкы арада толукталат, бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кошумча маалымат берилет).

“Талапкердин, саясий партиянын өз каражаттарын жана ыктыярдуу кайрымдуулуктарды шайлоо фондуна төгүү банктык эсептешүү эсеби аркылуу накталай эмес төлөм же болбосо банктык мекемелердин эсептик-кассалык бөлүмдөрү аркылуу накталай төлөм түрүндө жүргүзүлөт. Мындай кайрымдуулук жашыруун деп таанылбасы үчүн, идентификациядан өтпөгөн төлөм тутумдары аркылуу акча каражаттарын накталай эмес которууга же төгүүгө тыюу салынат” (конституциялык Мыйзамдын 41-беренесинин 2-1-бөлүгү).

“Шайлоо фонддорунун каражаттары максаттуу болот. Алар шайлоо өнөктүгүн өткөрүүгө байланышкан чыгымдарды жабуу үчүн гана пайдаланылышы мүмкүн” (конституциялык Мыйзамдын

41-беренесинин 8-бөлүгү).

Шайлоо мыйзамдарынын ченемдерин бузууга жол бербөө максатында Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерди жогоруда көрсөтүлгөн эскертүүдөн карманууга, талапкерлердин жана саясий партиялардын шайлоо фонддорунун атайын эсептерине ыктыярдуу кайрымдуулуктардын келип түшүүсүнүн ачык-айкындуулугун жана мыйзамдуулугун камсыз кылууга чакырат. Мындай болбогон учурда, талапкерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.