Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасына мал өткөрүү пункт курулду
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы “Баймак—автожол” өткөрмө бекетине жакын жерге “Бай-Талаа” соода логистикалык борборунун мал өткөрүүчү пункту курулуп, пайдаланууга берилди.
Бул тууралуу маалымат Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай ал пункт аркылуу Өзбекстанга мыйзамдуу түрдө мал-жандык экспорттоло баштайт.
Аталган жайда малды күн сайын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Курулуш жумуштары жеке ишкер тарабынан эки жыл аралыгында жүргүзүлүп, келерки аптадан тартып экспорттоо иши башталат. Ага жергиликтүү бийлик тарабынан 21 гектар жер аянты ажыратылган. Жакынкы аралыкта аталган пункттан эки чакырым алыстыкка курулуп жаткан мал базары да ишке берилет.
Кечээ 18-декабрь күнү өткөрмө пунктунун ачылуу аземи болуп, ага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, коңшу Өзбекстан Республикасынын Наманган облусунун акиминин орун басары Окибжон Инамов, жергиликтүү бийлик, ишкерлер жана айыл тургундары катышты.
Ыйгарым укуктуу өкүл эми буга чейин бир катар көйгөйлөрдү жаратып келген коңшу өлкөгө аткезчилик жол менен мал-жандык өткөрүү фактыларына бөгөт коюларын айтты. Бул эки мамлекеттин ортосундагы соода алакаларын жандантууга шарт түзүп, жергиликтүү калктын киреше бөлүгүн арттырат –деп билдирди облус башчы Абсаттар Сыргабаев.