Жалал-Абадда “КИТЕП FEST – 2026” эл аралык фестивалы өттү

Бүгүн, 23-апрелде – Китеп жана автордук укук күнүнө, ошондой эле Жалал-Абад облустук китепканасынын 100 жылдык мааракесине карата Эл аралык “XVII КИТЕП FEST – 2026” фестивалы өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, чет өлкөлөрдөн келген акын-жазуучулар, басмакана кызматкерлери, маданият жана адабият өкүлдөрү, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген китепкана кызматкерлери катышты.
Саамалыкта сөз сүйлөгөн облус башчысы Тилек Текебаев катышуучуларды Китеп жана автордук укук күнү, облустук китепкананын 100 жылдык мааракеси менен куттуктады.
Өз сөзүндө ал фестиваль руханий баалуулуктарды даңазалаган, китепке болгон урмат-сыйды арттырган жана билим менен маданиятты айкалыштырган маанилүү аянтча экенин белгиледи. Ошондой эле китеп адамзаттын акыл-эсинин казынасы болгон баа жеткис мурас экенин айтып, жаштарды китепке жакын болууга жана талыкпай билим алууга чакырды.
Мындан тышкары, облус башчысы Жалал-Абад облусунда китепкана тармагы туруктуу иш алып барып жатканын белгилеп, бүгүнкү күндө облус боюнча 178 китепкана калкка кызмат көрсөтүп жатканын маалымдады. Өкүл облуста китеп окууну жайылтуу багытында жаңы демилгелер ишке ашырылып жатканын кошумчалады.
Иш-чаранын алкагында облус аймагындагы китепканалардын көргөзмөсү, авторлор менен жолугушуулар жана маданий программалар уюштурулду.
Фестивалдын жүрүшүндө облус башчысы Тилек Текебаев облустук китепкананын жана шаардык музейдин ишмердүүлүгү менен таанышып чыкты.
Белгилей кетсек, аталган фестиваль Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги жана Мамлекеттик китеп палатасы тарабынан уюштурулган.