Медиа менен театрдын алакасы

Медиа менен театрдын алакасы

Жалал-Абад журналисттери менен облустук Барпы атындагы театрынын жетекчилиги жолугушту. Иш чара Жалал-Абад облустук Барпы атындагы драма театрынын директору Таалайбек Тургунов менен көркөм жетекчиси Курманбек Ниязбековдун демилгеси менен ишке ашты.  
Жолугушууда театр жетекчилиги менен журналисттердин ортосундагы кызматташтык, тилектештик ошондой эле коомчулукту искуствого,театрга жакындатып руханий азык тартуулоонун жолун ачуу тууралуу кеңири ойлор ортого салынды. Муну менен катар театрдын маданий агартуудагы ишмердүүлүгүн коомчулукка кеңири жеткирүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) орду бар экенине Таалайбек Тургунов токтолду.
Отурумдун алкагында маданий мекеменин жетекчиси Казакстандан келген мыкты режиссер Дина Жумабаева жана балетмейстер Салтанат Беймишева менен тааныштырды. Т.Тургунов белгилегендей ал режиссер Жалал-Абад театрынын жамааты менен тажрыйба алмашуу максатында чакырылса, балейтмейстер артисттердин сахна кыймылын өркүндөтүү үчүн чакырылган. 
Иш чаранын алкагында Казакстандык маданий өкүлдөрү менен журналисттердин ортосунда пикир алышуу орун алды.
Андан соң жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү Кыргыз эл жазуучусу Мар Байжиевдин калемине таандык, Кыргыз эл артисти Бакыт Жумалиевдин режиссёрлугу менен коюлган "Он экинчи күн" комедиясын көрүштү. 
Аталган спектаклде азыркы кыргыз үй-бүлөсүндөгү эне тилдин кейиштүү абалы комедия жанрында көрсөтүлдү.

"Акыйкат" гезити