Манаста Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы белгиленди

Манаста Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 37 жылдыгы белгиленди

 Шаарык мэриянын жыйындар залында уюштурулган эскерүү иш чарасына калаа башчысы Эрнисбек Ормоков, шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек  Болотов, ооганчылар жана согушта курман болгондордун жесирлери катышты.

Иш чарада сөз сүйлөгөн шаар мэри буга чейин Ооган согушунун катышуучулары, үй-бүлөлөрү жана согушта жараат алып майыптыгы бар жарандарга шаар бюджетинен жылына 2000 сом акча каражаты бөлүнүп берилип келгенин  айтып, быйылкы жылдын 6 айлыгынан тарта бул сумма 5000 сомго көтөрүлөөрүн айтты.

10 жылга созулган согушка Манас шаарынан 138 жоокер тартылган, бүгүнкү күндө алардын 117си бар.

Ооган согушу — 1979-жылдан 1989-жылга чейин Ооганстан аймагында жүргөн куралдуу жаңжал. Бул согушта негизги тарап катары Советтик Социалисттик Республикалар Союзу (СССР) ооган өкмөтүн колдоо үчүн аскер киргизген. Анда  СССР тарабынан колдоого алынган өкмөт менен жергиликтүү куралчан каршылык көрсөтүүчү күчтөрдүн (моджахеддердин) ортосундагы күрөш болгон. Бул согушта он миңдеген адамдар каза болуп, миллиондогон тургундар качкынга айланган.