Жалал-Абадда ардактуу атуулдар сыйланды

Жалал-Абадда ардактуу атуулдар сыйланды

Бүгүн Жалал-Абад шаарында 15 жаранга «Жалал-Абад шаарынын

Ардактуу атуулу» наамы салтанаттуу түрдө ыйгарылды. Бул тууралуу аймактык

кабарчы билидрди.

Маалым болгондой, сыйлыкты Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнис Ормоков жана

шаардык кеңештин төрагасы Нуртилек Болотов тапшырышты.

Бул наам шаардык кеңештин «Ардактуу атуул» наамын ыйгаруу жөнүндө

жобосунун негизинде жана тиешелүү туруктуу комиссиянын кароосунан кийин

берилди. Муну менен бирге, наам берүү тууралуу чечим мурдагы сессияда

депутаттар тарабынан каралып, шаардык кеңештин токтому менен бекитилген.

«Жалал-Абад шаарынын Ардактуу атуулу» наамы буга чейин жалпы 243 жарандын

эмгегин таанып, ыйгарылган. Наам ээлерине жыл сайын бир жолку акчалай

сыйлык берилет.

Бул ирет ардактуу наам төмөнкү жарандарга ыйгарылды:

Абдуллаев Шарипмамат – КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ардактуу

кызматкери

 Амираев Икрам Батыбекович – КР Саламаттык сактоонун ардактуу

кызматкери

Джумашев Асымкул Алыбекович – Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча

Ош борборунун директору

Джусупбеков Болот Джаныбекович – КР Жаратылыш ресурстары, экология

жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары

Досмамбетов Каныбек Моңолдорович – КР Улуттук коопсуздук

органдарынын отличниги, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башчысы

Исмаилов Нурбек Сапарбекович – “Кыргызметаллпром” мамлекеттик

ишканасынын директору

Камчибекова Нуржамал Матисаковна – Улуттук коопсуздук комитетинин

подполковниги (отставкадагы), коопсуздук органдарынын эмгек сиңирген

ардагери

Кошназаров Муратбек Коконович – Бажы кызматынын ардактуу кызматкери,

“Жалал-Абад жылуулук” МИнин көзөмөлчүсү

Малюженко Виктор Викторович – “Славянская диаспора” ассоциациясынын

Жалал-Абад облусундагы президенти

Маматалиева Гульнара Ашимбаевна – КР Саламаттык сактоонун ардактуу

кызматкери

Мусаева Саламат Аскаровна – КР Саламаттык сактоонун отличниги

Осмонов Раззак Ахматкулович – КР транспортуна эмгек сиңирген кызматкер

Сатыбалдыева Зурахан – КР Эл агартуунун отличниги

Уметов Усенбек Сулайманович – КР мамлекеттик жана финансы[1]экономикалык кызматтын отличниги

Эрматов Нурдин Манапович – КР Саламаттык сактоонун ардактуу

кызматкери, шаардык кеңештин мурдагы төрагасы

Сыйлык тапшыруу аземи шаардын эмгек сиңирген инсандарынын коомго кошкон

салымын таанып, урмат көрсөтүү максатында өткөрүлдү.