Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Жалал-Абад шаары жана Сузак районундагы 110 көп балалуу энеге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалдарын тапшырды.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 17-майындагы №158 жана №159 Жарлыктарына ылайык, быйыл облус боюнча 387 көп балалуу эне мамлекеттик сыйлыктарга ээ болду.
Алардын ичинен 237 эне “Баатыр эне” ордени менен, ал эми 150 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланды. Өткөн жылы облус боюнча жалпы 128 энеге орден жана медалдар тапшырылган.
Салтанатта облус башчысы Тилек Текебаев куттуктап, көп балалуу энелердин коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы өзгөчө экени белгиледи. Алар тарбиялаган уул-кыздар келечек муунду калыптандырып, мамлекеттин ар тараптуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөөрүн кошумчалады. Ошондой эле энелерге бекем ден соолук жана үй-бүлөлөрүнө бакубат жашоо каалады.
Сыйлоо аземине ыйгарым укуктуу өкүлдүн биринчи орун басары Нурлан Эрматов, Жалал-Абад шаарынын мэринин орун басары Гулбарчын Таштанбекова, Сузак районунун акиминин орун басары Азамат Маматжановдар катышты.
Иш-чарада Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан концерттик программа тартууланды.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад облусу боюнча “Баатыр эне” орденин алган энелердин жалпы саны 8815ке, ал эми “Эне даңкы” медалынын ээси болгон энелердин саны 1672ге жетти.