Тогуз-Тородо туристтик сезон расмий ачылды

Мындай маалыматты район акими Манас Мураталиев билдирди. Маалым болгондой, райондогу “Саймалуу-Таш” мамлекеттик паркынын Көк-Арт участкасында “Санжыралуу Саймалуу-Таш 2025” аталышындагы иш чарага Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик жана жериликтүү тургундар катышты.
«Бүгүнкү иш чарада улуттук кийимдер, тамак-аш, Тогуз-Торо районунда өндүрүлгөн айыл чарба продукциялары жана кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсү коюлуп, улуттук оюндар ойнотулду»,-деди аким М. Мураталиев.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районундагы Саймалуу-Таш коругу дүйнөдөгү ири петроглиф галереяларынын бири болуп саналат. Бул гиганттык зор сүрөт галереясы 10 гектардай аянтты ээлеп, байыркы ата-бабалардын жазуусу жок кездеги нечен кылымдарды камтыган чыгармачылыгын туу чокусу, байыркы исскуствонун уникалдуу эстелиги болуп саналат.