Облус башчысы Тилек Текебаев селден жабыркаган аймактарды жеринен текшерүүдө

Облус башчысы Тилек Текебаев селден жабыркаган аймактарды жеринен текшерүүдө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев Аксы районунда селден жабыркаган аймактарды жеринде кыдырып чыгып, кырдаал менен таанышып, тиешелүү кызматтарга ыкчам тапшырмаларды берди.
Анын алкагында Аксы районунун Товар-Сай айылындагы кооптуу деп табылган турак жайлар да текшерүүгө алынды. 2-май күнү катталган сел кырсыгынын кесепетинен Чары-Челек, Кара-Камыш, Товар-Сай жана Ак-Суу айыл аймактарында ички жолдорду жана турак үйлөрдүн короо-жайларын суу каптаган.
Селдин кесепетинен райондогу айрым унаа жолдор жабыркап, убактылуу жабылган. Тактап айтканда, Кара-Камыш айыл аймагына караштуу Чалдебар айылында сел негизги жолду жаап калган. Тиешелүү кызматтардын ыкчам аракеттеринин натыйжасында жол толугу менен ачылды.
Ошондой эле Топ-Жаңгак – Кара-Суу багытындагы жолдо сел суулары жол жээктерин жууп кетип, унаа кыймылына тоскоолдук жараткан. Учурда аталган тилкелерде тазалоо жана калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүп, жолдор ачылды.
Облус башчысы Тилек Текебаев тиешелүү кызматтарга селдин кесепеттерин кыска мөөнөттө жоюу, кооптуу аймактарды туруктуу көзөмөлгө алуу жана калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.