Бишкек-Ош унаа жолунда унаа кырсыктап чет өлкөлүк жараан каза болду
Мындай маалыматты окуянын күбөлөрү Турмуш басылмасына билдиришти. Маалым болгондой, жол траспорт кырсыгы бүгүн таңга жуук саат 6лар чамасында аталган унаа жолдун 328-чакырымында орун алган. Белгилүү болгондой, анда унааны катуу ылдамдыкта башкарып келе жаткан айдоочу уктап кетип жол четиндеги тосмону сүзгөн.
“Биз Оштон Бишкек багытты көздөй бара жатканбыз. Унаа жолдун Үч-Терек аймагындагы тилкесинде жол кытай номериндеги тандабас жаңы эле кырсыктаптыр, ошол учурда саат 5:50 болчу. Биз унаадан айдоочуну чыгарып, жанындагы жүргүнчүнү чыгарылы десек сокку ошол тараптан болгон үчүн ал алган жараатынан улам каза болуп калыптыр. Алар экөө тең кытайлык жарандар экен. Кийинчерээк окуя болгон жерге милиция, тез жардам унаасы келип алып кетти”-,дейт окуянын күбөсү.
Бул маалыматты Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү да ырастап, кырсык унаа жолдун 328-чакырымында орун алганын. Учурда бул боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканын айтты.