ЖАЛАЛ-АБАД: 24-апрелдин түнүндө да сел жүрдү

ЖАЛАЛ-АБАД: 24-апрелдин түнүндө да сел жүрдү
Сүрөттөр ӨКМнын облустук башкармалыгынан алынды

Өткөн түнү, 24-апрель саат 00:20  чамасында нөшөрлөп жааган жаандан кийин Сузак районунун Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Таштак,Кызыл-Сеңир,Бостон айылдарынан болжол менен 73 турак үйдүн жана 3 социалдык объектинин, 1 ички чарбалык көпүрө,  короосун суу каптап, 50 гектар айдоо жерлерди суу алган. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, жаралган кыйынчылыктарды  жоюу максатында жерине райондук Жарандык коргоо кызматтары, ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Абдулнасир Закиров баштаган ыкчам топ,15 куткаруучу тартылып, жеринде тишелүү жумуштар жүрүүдө.

Мындан сырткары Облустун Базар-Коргон,Аксы,

Ала-Бука, Таш-Көмүр шаарларында ички чарбалык жолдорду турак жайлардын королорун сел суулар каптаган – деп кабарланды.

“Акыйкат”