Токтогулда калың жааган кардан улам кыштоого жетпей калган малчылар куткарылды

Токтогулда калың жааган кардан улам кыштоого жетпей калган малчылар куткарылды
2025-жылдын 21-декабрында кечки саат 21:00дө Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын жарандык коргонуу комиссиясына Толук айыл өкмөтүнүн аймагында кардын калың жаагандыгына байланыштуу өзгөчө кырдаал жаралгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Маалыматка ылайык, Толук айыл аймагындагы 17 кмден 50 кмге чейинки аралыкта жайгашкан “Жара-Өтөк”, “Шаркыратма”, “Жампа”, “Өргө”, “Төнчү”, “Кызыл-Кырчын”, “Темиркен”, “Чолок”, “Татыр”, “Кабылан”, “Кара-Күнгөй”, “Тартма” аттуу кышкы жайыттарда кардын калың жаагандыгынан улам жол каттамы токтоп, мал жайытка чыгууга мүмкүн болбой калган. Натыйжада 13 короодон турган 26 жаран мал-жандыктары менен кыштоодо калып калган.
Бул кырдаалга байланыштуу 2025-жылдын 22-декабрында таңкы саат 05:00дө ыкчам чара көрүү максатында райондук штаб мүчөлөрү жерине чыгышкан. Алардын курамында Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Т.Асанов, Токтогул райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы капитан А.Чаргынов, майор К.Алымбаев жана Токтогул райондук ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют башкармалыгынын башкы адиси А.Маймаков болгон.
Толук айылынын тургундары тарабынан коюлган талаптарды жана сунуштарды аткаруу максатында 26 жаранга жардам көрсөтүү иштери уюштурулган. Тактап айтканда, 22.12.2025-жылы Толук айыл аймагынан кыштоолорго атчан 50 адам жардамга жөнөтүлгөн. Аталган аймактарга автоунаа менен жетүү мүмкүн эмес экендиги аныкталган.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кечки саат 18:00гө карата 4 короодон жалпы 9 жаран 2194 баш мал-жандыгы менен айылга жеткирилди.
Анын ичинде:
1-короодон 2 жаран – 550 баш мал,
2-короодон 2 жаран – 730 баш мал,
3-короодон 2 жаран – 564 баш мал,
4-короодон 3 жаран – 350 баш мал.
Мындан тышкары, жардам көрсөтүү иштерине кошулуп 16 адам кошо келишкен. Азыркы учурда дагы 3 короодон мал-жандыктар жолдо келе жаткандыгы тууралуу маалымат бар. Ал эми 6 короонун мал ээлери кыштоодон чыгууга баш тарткандыгына байланыштуу себептерин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле Толук айыл аймагынын ички жолдорун жана айылдарды бири-бири менен байланыштырган жолдорду тазалоо максатында 3 техника иштеп жатат. Анын ичинен №23 жол тейлөө ишканасынан 2 техника, айыл өкмөтү тарабынан келишимдин негизинде 1 техника тартылган. Ички жолдор 2025-жылдын 24-декабрына чейин толугу менен тазаланып бүтөрү пландалууда.
Азыркы учурда жабыр тарткан жарандар жок экендигин билдиребиз.