Сузакта 27 жаштагы келин 3 баласы менен ис газына ууланып, 6 жаштагы уулу каза болду
Жалал-Абад облустук ички иштер бөлүмүнөн билдиргендей 2024-жылдын 4-декабрдан 5-декабрга караган түнү Сузак РИИБне, Сузак райондук ооруканасынан 27 жаштагы келин 3 баласы менен оор абалда келгенин кабарлашкан. Тактоо иштеринин жүрүшүндө алар, Сузак районунун Ат-Чабар айлынын 1997-жылы туулган тургуну үч баласы менен уктап жаткан учурунда көмүрдүн газына ууланып калганы, 2018-жылы туулган М.У. аттуу баласы каза болуп калганы белгилүү болгон.
Аталган окуя Сузак райондук РИИБдин маалымашттарды электрондук каттоо журналына каатталып, тергөөгө чейинки териштирүү иштери башталган.
Тергөөнүн жүрүшүндө каза болгон 2018-жылы туулган М.У. жансыз денесине сырттан кароо жүргүзүлүп, ал эми соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн жакындары баш тартып, эч кимге арыз доосу жок экендигин билдиришкен.
Бүгүнкү күндө 1997-жылы туулган апасы жана 2020,2024-жылы туулган балдары ооруканада дарыланууда.