Чаткалдын бир нече айылдарында сел жүрдү

Чаткалдын бир нече айылдарында сел жүрдү

Нөшөрлөп жааган жаандан улам Чаткал районунун бир нече айылдарын сел каптады. ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан билдиргендей селдин кесепеттерин жоюга ондогон куткаруучулар жана 50дөй жергиликтүү тургун тартылган.

“Райондун Каныш-Кыя айыл аймагынын Жаңы-Базар, Айгыр-Жал, Курулуш айылдарында жаап жаткан жамгырга жана аба ырайынын температурасынын жогорулашына байланыштуу, колоттогу карлар ээрип, арыктарга батпай, жолдорду жана турак үйлөрдүн короолорун каптап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 10 чакты кызматкер атайын техникалар тартылган. Сел суулары турак үйлөргө кирген эмес. Ушул тапта сел каналдарды тазалоо жана кооптуулук жараткан турак жайдагы сууларды сыртка чыгаруу жумуштары жүрүүдө”,-деп айтылат мекеме берген маалыматта.

Эске салсак, Буга чейин ӨКМ шашылыш билдирүү таратып, 24-28-март күндөрү Чүй, Ысык-Көл, Ош жана Жалал-Абад облустарында жаан-чачындуу аба-ырайы болоорун, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлүп жатканын маалымдаган.