Жалал-Абад облусунда былтыркы жылы 16 өспүрүм өз өмүрүнө кол салган

Мындай маалымат облустук милициянын жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында айтылды. Маалым болгондой, өткөн жылы жаш балдарга карата жасалган кылмыштар 2023-жылга салыштырмалуу азайганы байкалат.
«2024-жылдын 12 айына карата облус аймагында жаш баладарга карата жасалган кылмыштардын 167 учуру катталган. Бул көрсөткүч 2023-жылга салыштырмалуу 53 учурга аз. Тактап айтканда мурдагы жылы жашы жете электерге карата жасалган кылмыштар боюнча 220 факты орун алган. Аны менен катар былтыркы жылы 16 өспүрүм суидцитке барса, 191 бала дайынсыз жоголгон»,-деп айтылат мекеме тараткан маалыматта.