Сузакта мунай түтүгүнөн чыккан өрт өчүрүлдү

Сузакта мунай түтүгүнөн чыккан өрт өчүрүлдү

 Мындай маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облустук башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, окуя кечээ 4-январь күнү Сузак районуна караштуу Садда айылынын Сыярова көчөсүн аралап өткөн «Кыргызнефтегаз» ААКка караштуу нефть түтүкчөсүнөн чыккан. 
Мекемеден кабарлагандай, тилсиз жоону өчүрүүгө 21:55те райондук өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган. 22:30да Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысы полковник Ч.Шекенов баштаган ыкчам топ жерине тартылган. Өрт саат 22:47де курчоого алынып, 22:55те толук өчүрүлгөн. Өрттүн болжолдуу аянты 100 чарчы метрди түзөт. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда. 
Кийинчерээк белгилүү болгондой, 2025-жылдын 28-декабрь күнү Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы «Кыргызнефтегаз» ААК караштуу нефти заводунан Манас шаарына мунайды алып келген түтүк жарылып, ошол эле күнү «Кыргызнефтегаз» ААКнун кызматкерлери тарабынан оңдоо иштери жүргүзүлгөн. Оңдоо иштери учурунда 100 чарчы метр жерге мунай төгүлгөн.
2026-жылдын 4-январь күнү кечки саат 21.55де белгисиз себептерден улам жерге төгүлгөн муңайда өрт чыккан. Жерине Сузак району боюнча ӨКБнүн № 65 өрткө каршы-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм тартылган. Мындан тышкары, Кочкор-Ата шаарындагы "Кыргызнефтегаз" ААКнын өрт өчүрүүчү автоунаалары жолго чыгышкан. 
Өрт саат 22.47де курчоого алынып,  толугу менен 22.55те өчүрүлгөн. Өрттүн натыйжасында 100 м2 аянттагы жер астынан өткөн муңай трубасын ондоо учурунда төгүлгөн муңай күйгөн. Өрт башка жактарга таркалган эмес.