Бишкек-Ош унаа жолунда «Toyota Ist” унаасы өрттөндү

Бишкек-Ош унаа жолунда «Toyota Ist” унаасы өрттөндү

 Окуя 15-сентябрда кечке жуук унаа жолдун Токтогул районундагы Көк-Бел ашуусунда орун алганын окуянын күбөлөрү билдирди.

Ал эми Жалал-Абад облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү кырсыкты ырастап, унаанын өрттөнүшүнө электр зымдарынын кыска туташуусу себеп болгонун айтып. Өрттөн эч ким жабыркабаганын кошумчалады.