Сузакта мыйзамсыз сакталган аңчылык курал алынды

Сузакта  мыйзамсыз сакталган аңчылык курал алынды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кулданбес жайлоосунда жүргүзүлгөн рейддин алкагында, мыйзамсыз сактап жүргөн ок атуучу аңчылык курал алынды. Тактап айтканда, аталган жайлоодо шектүү жарандын автоунаасы токтотулуп, текшерүү учурунда аңчылык курал табылды. Анын куралга тиешелүү уруксат кагаздары болбогондуктан, жеринде акт түзүлүп, материалдар Сузак РИИБине өткөрүлүп берилди.

Аталган рейд NABU Кыргызстан уюмунун "Барс-2" тобу жана КР ЖРЭжТК министирлигинин Жалал-Абад облустук Регионалдык башкармалыгынын аңчы адиси менен биргеликте өткөрүлдү.

Мындан сырткары ушул рейддин алкагында, “Саймалуу-Таш” мамлекеттик жаратылыш паркындагы Көк-Арт жана Кылдоо жайлоолорунда NABU Кыргызстан уюмунун колдоосунда орнотулган фотокапкандар чечилип алынды. Эми алдыда ага түшкөн жаныбарларды анализдөө иштери жүргүзүлөт.