КР БШКсы Кант, Аламүдүн, Ысык-Көл жана Токтогул аймактык шайлоо комиссияларынын жергиликтүү кеңештеринин айрым депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жана бош калган мандаттарды кийинки талапкерлерге өткөрүп берүү, ошондой эле Аламүдүн, Ноокат райондорунан жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлердин тизмесинен катталган талапкерлерди чыгаруу жөнүндө аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин бекитти.
Ыйгарым укуктары токтотулуп, мандаттары өткөрүлүп берилген депутаттар:
Кант шаардык кеңешинин депутаты К.К.Уметалиевдин
(“Бирге-Вместе”депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты А.Ш.Сармолдоевге (“Бирге-Вместе” саясий партиясы) берилди.
Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык кеңешинин депутаты М.К. Асанованын ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Р.Ж.Бейшекеевага берилди.
Ысык-Көл районунун Жусуп Абдрахманов айылдык кеңешинин депутаты А.К.Усубакуновдун ыйгарым укуктары өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты М.Б.Темирбековго берилди.
Токтогул районунун, Токтогул шаардык кеңешинин депутаты Асылбеков Урматбек Айтмурзаевич (“Бирге-Вместе” депутаттык фракциясы) ыйгарым укуктары берилген өз арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда токтотулуп, анын мандаты Б.А.Кенжекуловго (“Бирге-Вместе” саясий партиясы) берилди.
Талапкерлердин тизмесинен чыгарылгандар:
Чүй облусунун, Аламүдүн районунун Кара-Жыгач айылдык кенешинен Б.Д. Акматалиева.
Ош облусунун, Ноокат районун Көк-Бел айылдык кеңешинен Б.М.Топчубаева.