Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын жыйыны болуп өттү.
Жыйында ички ченемдик укуктук актыларды инвентаризациялоонун алкагында “Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КРнын конституциялык мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Регламентинин жаңы редакциясы, "Шайлоочулардын жана референдумдун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү тартиби жөнүндө" жобо бекитилди.
Кабыл алынган актылар КР БШКнын ченемдик базасын ирээтке келтирүүгө, кайталанган жана эскирген укуктук нормаларды жокко чыгарууга, ошондой эле шайлоонун катышуучуларынын тизмесин түзүү, тактоо жана идентификациялоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүгө шарт түзөт.