Жалал-Абадда мектеп окуучулары үчүн “Жаңы муун- жаркын келечек, таза муун-коопсуз келечек” аталышындагы форум өттү

Жалал-Абадда мектеп окуучулары үчүн “Жаңы муун- жаркын келечек, таза муун-коопсуз келечек” аталышындагы форум өттү

Калаадагы Б. Алыкулов атындагы драм-театрда уюштурулган иш чарага ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов, Жогорку Кеңештин депутаты Айбек Маткеримов, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев, КРнын Эмгек сиңирген спорт чебери Айсулуу Тыныбекова, калаа башчысы Эрнисбек Ормоков катышты.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асановдун айтымында 500гө жакын окуучу катышкан форум Министрлер Кабинетинин 2022-2028-жылдарга карата укук бузуулардын алдын алуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясын жана 2023-жылдын 4-декабрында кабыл алынган иш-аракеттердин Улуттук планын ишке ашыруунун алкагында уюштурулган.

Иш-чаранын жүрүшүндө конокторго мектепте рэкетчилиги, аптекалык наркомания менен алектенип, кылмыш жоопкерчилигине тартылган өспүрүмдүн тагдыры тууралуу сахналык көрүнүштөр жана кыска метраждуу тасма көрсөтүлдү.

Андан сырткары, катышуучуларга психологдор, адистер жаштар арасындагы экстремизмге, баңгизаттарга азгырылуунун алдын алуу жана анын көйгөйлөрү тууралуу түшүнүк берип. Белгилүү спортчулар, маданият өкүлдөрү өздөрүнүн жетишкендиктери менен бөлүшүп, ийгиликке жетүү жолдору тууралуу кеңештерин беришти.