ОКУУЧУЛАР АВТОБУСТУУ БОЛУШТУ
ОКУУЧУЛАР АВТОБУСТУУ БОЛУШТУ
Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Кара-Булак айылындагы Ж. Ташикеев атындагы жалпы негизги билим берүүчү мектебиндеги окуучулар үчүн айыл аймак тарабынан Мерседес-Бенс спринтер Алтерра үлгүсүндөгү автомобил алып берилди. Айыл чачыранды жайгашкандыктан мектептен алыс жайгашкан конуштардагы окуучулар менен “Нур билим” балдар бакчасынын алыстан келген балдары аталган авто унаа менен акысыз катташат. Аталган мектеп тогуз жылдык болгондуктан айылдагы 10-11-класстын окуучулары да ушул кичи автобус менен коңшулаш Айгыр-Жал айылындагы мектепке барышат. Аталган унаа жергиликтүү бюджеттен каржыланып ага 1 миллион 500 миң сом жумшалган
Мындай аракет үчүн аймактагы ата-энелер жергиликтүү бийликке ыраазычылыктарын билдиришүүдө.
Кара-Булак айылындагы Ж.Ташикеев мектебинде 0-9-класстарда жалпы 267 окуучу билим алат.
Абдымомун Калбаев