Президент Садыр Жапаров Жалал-Абаддагы көркөм сүрөт жатак мектеп-интернатын ачты (сүрөт баян)

Саамалыкка УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Россия Федерациясынын Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары, КРнын Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева, Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев катышты.
3 кабаттуу 100 орундуу мектеп 4 блоктон турган имараттын курулушу 2024-жылдын декабрь айында башталган.
Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернаты 2000-жылы «Кыргыз Эл баатыры», скульптор Тургунбай Садыковдун ысымын алган.
2024-2025-окуу жылынын башында 30 окуучу окуп, аягында 28 окуучу аяктаган.
15 мугалим эмгектенген.
Мектептин эски имараты 1930-жылдары курулуп пайдаланууга берилген.