Жалал-Абаддагы облустук төрөт үйүнүн кошумча 75 орундуу имараты пайдаланууга берилди

Ачылыш аземге өлкө башчысы Садыр Жапаров онлайн форматта катышты. Саамалыкка, Жалал-Абад облустук клиникалык бейтапканасынын башкы дарыгери Кумар Ботокараев, Жалал-Абад шаарынын вице-мэри Гүлбарчын Таштанбекова катышты.
Маалым болгондой, курулуш республикалык бюджеттен каржыланып, “Рамзан” ЖЧКсы 220 миллион сомго утуп алган. Пайдаланууга берилген 3 кабаттуу имаратта 2 операциялык блок бар. Кез жарган энелер учун санитардык
нормалардын баары сакталган. Балдарды
кучтендурген таризде дарылоо блогу,
энелер учун 2 реанимациялык блок бар. Ар бир палата 2 же 3 энеге гана ылайыкташкан.
Кошумчалай кетсек, облустук төрөт үйүнүн имараты 1 жылда 2 миңдей төрөткө ылайыкташкан. Бирок жылына 7 миңден ашуун төрөт катталат.
Юстиция министрлигинин маалыматына
караганда, «Компания Рамзан» ЖЧКсы
2012-жылы 2-августта каттоодон откон.
Тузуучусу жана жетекчиси катары Гапаров
Абдилвосид Арстанкулович корсетулген.
Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.