Сузакта жаңыдан курулган эки медициналык мекеме пайдаланууга берилди

Райондогу аймактык бейтапкананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жана бейтапкананын Кара-Дарыя айыл аймагындагы Чаңгыр-Таш бөлүмүнүн ачылыш аземине президент Садыр Жапаров онлайн форматта катышып, ачылууга уруксат берди. Саамалыкка Сузак райондук ооруканасынын башкы дарыгери Акжол Тургунбаев, ак халатчандар жана жергилктүү жашоочулар катышты.
Сузак аймактык ооруканасындагы жаңы 40 орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн курулушу 2019-жылы башталган. Беш жылдан бери бул бөлүм Бек-Абад айылындагы филиалда убактылуу иштеп келген.
Долбоордун сметалык баасы 67,9 млн сом болсо, тендерди «Масыайылкурулуш» ЖАК 52,0 млн сомго утуп алган. Бирок курулуш иштери бир нече убакыт токтоп, кийин каржы маселеси чечилген.
Эске салсак, мурдагы 25 орундуу имарат 1963-жылы курулуп, 1999–2000-жылдары Сузактагы ири сел кырсыктарында бир нече жолу суу каптап, авариялык абалга келген. Сузак аймактык ооруканасы жана анын филиалдары райондун 300 миңден ашуун калкына медициналык кызмат көрсөтүп келет.
Ал эми, Чангыр-Таштагы эки кабатуу жаңы бейтапкананын курулушунун сметасы 53 млн сомду түзөт. Медициналык мекеме 17 миңден ашуун калкка кызмат көрсөтөт. сапаттуу медициналык
Эске салсак, Чангыр-Таштагы эски бейтапкана 1956–1957-жылдары ашар жолу менен курулуп, 1960-жылдан бери иштеп келген.