Аксыда 35 жыл мурда курулушу токтоп калган оорукананын имараты пайдаланууга берилди

Райондун Үч-Коргон айыл аймагында жайгашкан Расулбек Батырбеков атындагы бейтапканага курулган бул кошумча корпуска терепия жана жугуштуу оорулар бөлүмү которулган. Сөз болуп жаткан айыл аймактын башчысы Маматысак Жапаровдун айтымында бөлүмдөр өткөн апта соңунда ачылып, пайдаланууга берилген. Ага Жогорку кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Саламаттык сактоо министринин орун басары Каарманбек Байдавлетов, финансы министринин орун басары Алтынбек Кудайбердиев, Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба министринин орун басары Талантбек Иманакун уулу жана Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев менен Аксы районунун акими Максатбек Саргазаков катышкан.
« Айыл аймактагы Расулбек Батырбеков атындагы оорукана 1947-
жылы пайдаланууга берилген. 1990-жылы бейтапкананын кошумча корпусунун
курулушу башталып, бирок ал кезде союз тарап, каражат жок курулуш токтоп
калган. 2 кабаттан турган турган имарат дээрлик 35 жылдан кийин курулушу аяктады. Тагырагы, 30 орундуу имараттын сметалык баасы 37 млн сомго
бааланган»,-деди М. Жапаров.
Мындан сырткары ал иш чарага катышкан спикер Нурланбек Тургунбек уулу жаңы ачылган бейтапканага жардам катары 300 миң сомдун сертификатын тапшырганын кошумчалады.
Сөз болуп жаткан 50 орундуу бейтапканада хирургия, терепия, балдар бөлүмү,
жугуштуу оорулар бөлүмү жана төрөт бөлүмү бар.
Буга чейин оорукананын корпусунун курулушун «Эрэдан» ЖЧКсы жүргүзүп
жатканы белгилүү болгон.
Юстиция министрлигинин маалыматтар базасындагы маалыматка
караганда, «Эрэдан» ЖЧКнын жетекчиси жана түзүүчүсү катары Бабакулов
Алмазбек Манасбекович көрсөтүлгөн. Компания 2019-жылы 7-июнда кайра
каттоодон өткөн. Ишкана имараттарды жана турак үйлөрдү куруу менен
алектенет.