Манаста орган көчүрүп өткөрүү боюнча Туркиядан келген дарыгерлер бейтаптарды көрүштү
Мындай маалыматты Жалал-Абад облустук биргелешкен бейтапканасынан билдиришти. Белгилүү болгондой, чет элдик ак халатчандар бейтаптарды көрүп гана тим болбой, кыргызстандагы кесиптештери менен тажрыйба алмашышкан.
"Барыбызга белгилүү болгондой, акыркы мезгилде адамдар арасында боор, бөйрөк жетишсиздиги ооруулары күч алып, ооруу өтүшүп кеткен бейтаптар Индиядан, Туркиядан операция жасатып келүүдө. Мындан улам бөйрөк, боор көчүрүп өткөргөн Туркиядан келген кесипкөй адистер келип, бейтаптарды кароодон өткөрүп, буга чейин операция болгон жарандарды текшерүүдөн өткөрүштү. Аны менен бирге транспотологдор биздин дарыгерлер менен өз тажрыйбасы менен бөлүшүп жатат",-деди облустук бейтапкананын нефрология жана гемотология бөлүмүнүн башчысы Элеонора Бапиева.
Кошумчалай кетсек, бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган бейтаптар арасында илдет 5-стадияга жеткенде гемодиализ алып баштайт. Бүгүнкү күнү бөлүмдө 550дөн ашык киши гемодиализ алат.






