Аксыда жеңил унааны сел агызып кеткен. Ичиндеги 5 адам чыгып кетүүгө үлгүрдү

Аксыда жеңил унааны сел агызып кеткен. Ичиндеги 5 адам чыгып кетүүгө үлгүрдү

Аксыда сел суулары унааны агызды. Окуя 10-май күнү түштөн кийин райондун Үч-Коргон айыл аймагында орун алган. Анда сел каналда калып кеткен жигулини кыян агызган. Айыл тургундарынын айтымында эч ким жабыр тарткан эмес.

“Кечээ нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту колоттордон түшкөн суудар айыл аймактын Жыл-Кол жана Ак-Сай айылдарындагы сел каналдары аркылуу коопсуз жайга чыгып кеткен. Бирок, Ак-Сай айылында жергиликтүү тургундун “Лада 2107” унаасын суу агызып кеткен. Бактыга жараша эч ким жабыр тарткан жок”-,дейт айыл тургуну.

Бул маалыматты ӨКМдин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы ырастап, бирок бул кырсык катары мекемеде катталбаганын маалымдады.

10-май күнү нөшөрлөп жааган жаандан кийин Аксы районунун бир катар айыл аймактарында кокту колоттордон түшкөн суу сел арыктарда агып суунун деңгээли көтөрүлүп, Таш-Көмүр шаарындагы көпүрөгө кооптуулук жараткан. Аны менен катар Бишкек-Ош унаа жолунун Таш-Көмүр шаарынын аймагындагы бөлүгүндө жолго шагыл түшүп, жолдогу кыймылга убактынчалуу чектөө киргизилген болчу. Кийинчерээк жол тазаланып каттам калыбына келтирилген.